Бүгүн Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы бардык билим берүү мекемелеринде «1-Сентябрь билим күнү» белгиленди.

«Каникул мезгилинде жергиликтүү бийликтин, ата-энелердин жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен жалпы суммасы 500 миң сомдук каражат сарпталып, мектебибиз ремонттон өткөрүлүп, шарттар жакшыртылды. 2017-2018- окуу жылына мектебибиз толугу менен даяр. Окуучулардын саны болсо жылдан жылга өсүүдө. Быйылкы жылы төрт 1-класс ачылуусу күтүлүүдө»- дейт Исхак Раззаков атындагы №7-орто мектебинин директору Бактыгүл Сабурова.


Кабарчы: Анварбек Тухтаров