“Сүлүктү” жамааттык мультимедиа борбору

Баткен облусу Сүлүктү шаары

Сүннөт тойдун алдынан волейбол өткөрүлдү.

10 Сентябрь 2017 жыл 4:55
Көрүүлөрдүн саны: 102

Шаарыбызда көрүнүктүү ишмер, «Кызыл-Булак» шахтасынын директору Карабаев Исманали Джумабаевич неберелерин сүннөткө олтургузуп, Элдин Ак Батасын алып берейин деп сүннөт тоюн баштап жатат. Тойдун алдынан шаар боюнча мекеме ишканалардын, спорт сүйүүчүлөрдүн арасында волейбол боюнча мелдеш өткөрдү. 09.09.17 күнү волейбол мелдеши төмөнкүдөй жыйынтыкталды: 

«Олимпиадалык»- система менен өткөрүлгөн түрү боюнча:

1- орунду Сүлүктү шахта курама командасы 6 миң сом, 2- орун ОсОО «Ак-Булак» командасы 5 миң сом, 3- орун Сулюкта РЭС командасы 4 миң сом жана 4- орунду Сүлүктү шаардык Ички иштер бөлүмүнүн командасы ээлеп 2 миң сом акчалай сыйлыктарды утуп алышты.

Андан кийин «абсолют»- системасы боюнча өткөрүлгөн мелдеште:

1- орун жана 6 миң сом ОсОО «Ак-Булак»

2-орун жана 5 миң сом Сулюкта РЭС

«Калган командаларга 2 миң сомдон ыйгарылды. Оюн учурунда чеберчилиги менен айырмалвна алган оюнчуларга да ар бирине 500 сомдон кызыктыруучу сыйлык ыйгарылды»- дей мелдештин уюштуруу тобунун башчысы Токтогулов Кеңешбек Раимкулович.