
Сүлүктү шаарындагы №9-мектеп гимназиясында окуу менен тарбия процессин айкалыштырган окутуунун өзгөчө ыкмасын колдонуу жакшы натыйжасын бере баштады. Гимназиянын директору Рустамова Базаргүл Саттаровна ‘Бул ыкма Лейлек райондагы №3- эксперименталдык гимназиясында кеңири колдонулуп жакшы натыйжасын бергендиктен, биз эки жылдан бери системалуу колдонуп келебиз. Жыйынтыгы аябай жакшы»- деп маалымат берди. «Бүгүнкү сабагыбыздын башкы каарманы:Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген Врачы, Төрөт үйүнүн башчысы, шаардык Кеңештин Депутаты- Самадова Гульнара Халиевна болду. Эже аябай жакшы катышып берди. Окуучулардын бардык суроолоруна чын-дилден ачык жооп берди. Негизи эле бул Инсан таануу сабагында Эмгек Сиңирген мугалим Гапыр Мадаминовдун автордук АЭМ, ой өрүшү кругозор сабактарынын элементтерин жана Адеп сабагын синтездеп өткөндүгүбүздөн гимназисттерибиз үчүн өтө кызыктуу жана жугумдуу болот»- деп билдирди Сапаркулов Бакытбек Эркинович.
