“Сүлүктү” жамааттык мультимедиа борбору

Баткен облусу Сүлүктү шаары

Г. Мадаминов: Сүлүктү шаарынын тарыхы китеби басмага даяр.

12 Январь 2018 жыл 16:46
Көрүүлөрдүн саны: 437

Сүлүктү шаарынын тарыхы боюнча китеп, Кыргыз Республикасынын Эмгек Сиңирген мугалими Гапыр Маматкулович Мадаминов тарабынан иштелип чыгып Сүлүктүнүн 150 жылдык юбилейине карата басмага даяр болуп калгандыгын уккан шаар тургундарынын кубанычына чек жок.

Ушул жаңылык боюнча: «Сүлүктү шаарынын тырыхын кайрадан китеп кылып, экинчи жолу басмага даярдоо иштери соңуна чыгып калды. Биринчи басылышы 2009 -жылы чыгарылган. Бул иш чарага ар бир Элин, Жерин сүйгөн атуул катышып салым кошо алат дейт белгилүү тарыхчы, чыгаан педагог Гапыр Мадеминов.

Автордун айтымында мурда басмадан чыккан «Сүлүктү шаарынын кыскача тарыхы» китеби көптөгөн окурмандардын суранычы менен кайрадан толукталып, басылып чыкмакчы. Автор тарабынан мурда жарыяланбаган тарыхый фактылар,  архивдик материалдар жана эл оозунан жазылып алынган уламыштар менен толукталмакчы. Ошондой эле тарыхчы окумуштуулардын илимий эмгектеринен шилтемелер,  далилдер келтирилмекчи. Китептин автору Гапыр Маматкулович жалпы тургундарды уламыштарды,  фото материалдарды жана тарыхый маалыматтарды чогултууга катышууга чакырат. Белгилей кетүүчү нерсе Г. М. Мадеминовдун буга чейин 15 китеби чыккан болсо анын көпчүлүгү окурмандардын суроосу менен эки жолудан,  «Акыл эмгегинин маданияты » китеби үч жолу кайра басылып чыккан.

Китеп боюнча ой, сунуш, пикирин жана кошумча маалымат берүүнү каалаган жарандар: 0772988810 номери аркылуу Гапыр Агайдын ассистенттерине байланышка чыкса болот.. Ушул эле номерде ватс апп бар.

Кабарчы:      Б. Сапаркулов