“Сүлүктү” жамааттык мультимедиа борбору

Баткен облусу Сүлүктү шаары

Сүлүктүдөгү гимназияда -имитация ыкмасы менен өтүлгөн мастер-класс

27 Январь 2018 жыл 17:34
Көрүүлөрдүн саны: 101

Бүгүн 27.01.18- жылы Сүлүктү шаарындагы №9- гимназиясында жаш энелер үчүн «Энелер мектеби»- програмасы боюнча имитация ыкмасы менен мастер класс  ( максаттуу аудитория бир эле учурда угуучу да, эксперт да болот)  өткөрүлдү.

Бул иш чара боюнча гимназиянын директору Рустамова Базаргүл Саттаровнага кайрылганыбызда: «Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин буйругуна ылайык, аба ырайына байланыштуу кезексиз каникул башталгандыктан, педагогикалык коллектив менен кеңешип,  Гапыр Мадаминовдун автордук «Энелер мектеби»- программасынын негизинде, жаш энелер үчүн окуу өткөрүүнү чечтик. Жыйын учурунда ар бир класс жетекчи өз оюн ортого салып, окуу-тарбия процессиндеги көйгөйлөр анализденип, жалпыга тиешелүү -окуучуларды өз алдынчалуулукка тарбиялоо багыты приоритеттүү болуп табылды. Ар бир класс жетекчинин орток пикирине негиздеп, Акыл Эмгегинин Маданияты предмети боюнча мугалим, Сапаркулов Бакытбек Эркинович- мастер класс өтүп, Социалдык педагог- Молдоканова Ракыя Мустафановна жыйынтыктады. Соңүнда 60 ашуун жаш энелер «Балдарды өз алдынчалуулукка тарбиялоо боюнча ой өрүшүн жогорулатып, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминовдун көп жылдык илимий- эксперименталдык тажрыбадан алган теориясынан маалымат алды. Белгилей кетсек Гапыр Мадаминовдун автордук «Энелер мектеби»- программасын 2 жылдан бери системалуу өтүп келе жатабыз. Жыйынтыгы өттө жакшы. Учурдан пайдаланып, гимназиябыздын бардык иш-чараларына фото, видео материалдар менен зор салымын кошуп келген мугалимибиз Карабаева Гульнара Джумабаевнага терең ыраазычылык билдирип кетемин»- деп маалымат берди.

Гимназиянын эң алдыңкы мугалимдеринин бири, математика мугалими Айтемирова Бууниса Рахматиллаевна: «Сабак өзгөчө ыкма менен өтүлгөндүктөн, өттө таасирдүү болду, ата-энелер гана эмес, жаш мугалимдер да көп пайдалуу маалыматтарды ала алды. Агайдын «алманы курт түшүрбөй сактоо» ыкмасын кийинки сабакта өтөбүз дегенинен, көп катышуучулар кийинки сабактын өтүлүшүн чыдамсыздык менен күтө турган болду. Гимназия жетекчилигибизге ушундай пайдалуу сабактарды уюштуруп, өткөрүп жаткандыгы үчүн, терең ыраазычылык билдиремин- деп маалымат берди.

Кабарчы:       Анварбек Тухтаров.