“Сүлүктү” жамааттык мультимедиа борбору

Баткен облусу Сүлүктү шаары

Агартуу майданындагы Өмүр — Б. Рустамованын педагогикалык менеджменти

8 Апрель 2018 жыл 9:41
Көрүүлөрдүн саны: 120

Сүлүктү шаарынын борбордон эң алыс облустук маанидеги шаар экендигине карабастан окуучуларынын билим көрсөткүчүн Республикалык Деңгээлге чыгарууга жетише алган №9- мектеп гимназиясынын ийгилик сырлары эмнеде?

Учурда Мамлекетибиз билим баалуулугуна өзгөчө көңүл бөлүп жатканына Республикалык Олимпиаданын катышуучуларын Премьер-Министр Сапар Исаков өзү куттуктаганын мисалга алсак жетиштүү болоор. Ошол эле учурда ар бир облус борборунда, чоң шаарларда окуучуларды даярдоо үчүн акы төлөнүүчү курстардын көптүрдүүлүгү, жогорку окуу жайларында контракттын баасы бир жылга 6 миң долларга ( 400 миң сом) чейин жетип, акы төлөп окуу да коомчулугубуз тарабынан билим баалуулугуна жеткиликтүү маани берилип жатканын айгинелейт.  Агартуу майданын анализ жасасак: Улуттук жатак-гимназиялар, облустук жатак-гимназиялар, 2 миң доллар менен окуткан турк лицейлери,  техникалык-тереңдетилген лицейлер, араб фонддору тарабынан каржыланган жатак-мектептер, лицейлер, жогорку окуу жайларынын алдындагы мектептер жана 2100 ашуун орто мектептер болуп, жалпысынан 1 млн 36 миң окуучу 2017-2018- окуу жылында окуп жатат.  Бул албетте билим дүйнөсүндө чоң атаандаштык экенин билдирет.

Чоң атаандаштык шартта, өзүнүн имараты, компьютерлери жок! болгонуна карабай окуучуларын  Республикалык Деңгээлде чыгарган мектеп-гимназиясынын директору Рустамова Базаргүл Саттаровна жөнүндө, социалдык педагог, чыгаан мугалим Молдоканова Ракыя Мустафановна: Өзү жетектеген мектепти Республикалык бийиктикке жеткирүү ар бир эле жетекчинин бир өмүрлүк максаты, кыялы. Бирок кыялдар оңойчулук менен эле орундалбайт да.  Келечек муундарын тарбиялоо жаатында катардагы мугалим болуп, «мугалим»- деген атка татыктуу болуу өзү оңой эмес. Базаргүл Саттаровна болсо мыкты педагог болуу менен, көсөм жетекчи катары да ар тараптуу жетишкен менеджер катары шык жөндөмү менен, Инсандык бийик сапаттары менен жетише алды. Кадр тандоодо «адистин жакшы жагын көрө бил»- деген жана «идеалдуу адис болбойт, аны тарбиялоо керек»- деген принциптери бар деп билдирет.

Күчтүү математик, чыгаан педагог Айтемирова Бүүниса Рахматиллаевна:»Директорубуз Базаргүл Саттаровнанын өзгөчө жагы, ар бир мугалим менен жекече иш жүргүзүп, мугалим чыгармачылык менен иштөөсүнө шарт түзүп бергенинде»- деп оюн билдирди.

«Базаргүл Саттаровна, Эмгек Сиңирген мугалим Лейлектеги №3- гимназиянын директору Мадаминов Гапыр Маматкуловичтин илимий-эксперименталдык эмгектеринин негизинде, Сүлүктүнүн шартына ылайык иштеп чыккан педагогикалык иштелмелер системасын 10 жыл бою практикада колдонуп, жылдан жылга улам заманбап теорияларга айкалыштырып олтуруп жетишүүдө. Мен алгачкы башталгыч класстын мугалими катары, Базаргүл Саттаровна кандай тоскоолдуктарга, кыйынчылыкка кабылып, ошонун бардыгын сабырдуулугу менен жеңип келгенин белгилеп кетемин»- дейт башталгыч класстар мугалими Халова Чынара.

Компьютер заманында, борбордон алыс, өзүнүн имараты жок болгонуна карабастан окуучуларын Республикалык Деңгээлге гуманитардык илимдер менен так илимдерди бир даражада!!! чыгарууга жетишкен сырларын, Рустамова Базаргүл Саттаровнанын өзүнөн билип, кийинки макалаларыбызда жарыялайбыз.

Кабарчы:                 Анварбек Тухтаров.