23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата Сүлүктүдөгү Исхак Раззаков атындагы №7-орто мектепте шаардык деңгээлдеги Китеп майрамы белгиленди. Аземге Сүлүктүдөгү окуу жайлардын китепканачылары менен кошо китеп сүйүүчүлөр катышып, №7-мектептин чыгаан окуучулары тарабынан Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан сахналаштырылган көрүнүштөргө күбө болушту. Аталган мектептин директору Бактыгүл Курбанбаевна Сабурова:«Билим дүйнөсүндөгү ийгиликке жетүүнүн ачкычы-китеп деген ураан менен иш алып барабыз. Биздин мектепте окуучулардын адабий китептерди окугандыгы боюнча атайын журналдар түзүлгөн. Учурда окуучуларыбыздын көпчүлүгүн китептин кереметтүү дүйнөсүнө тарта алдык.»— деп маек берди.
Иш чаранын уюштуруучусу, И. Раззаков атындагы №7-орто мектебинин китепканачысы Саоват Маатмуратова: «Сүлүктү боюнча жаш китеп сүйүүчүлөрдүн саны күндөн-күнгө артып жатканы, жаштарыбыздан келечекте көптү үмүттөндүрөт»— деп оюн билддирди.
Иш чаранын соңунда эң мыкты окурмандарга кызыктыруучу белектер тапшырылды.
Кабарчы: Айзада ЭРКИНОВА.