“Сүлүктү” жамааттык мультимедиа борбору

Баткен облусу Сүлүктү шаары

Энелер мектеби- Эң мыктылар аныкталды.

26 Апрель 2018 жыл 4:17
Көрүүлөрдүн саны: 172

Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Абиш Халмурзаевдин буйругуна ылайык, 2017-2018 окуу жылында Новатор педагог Гапыр Мадаминовдун автордук «Энелер мектеби»- программасын жалпы облус боюнча мектептерге жайылтуу иштери активдүү жүргөн. Окуу жылынын соңунда бардык катышкан ата-энелердин эмгегин баалоо үчүн «Эң мыкты Үй-бүлө» жана «Эң мыкты Эне» сынактарынын биринчи туру мектептерде, экинчи туру район шаарларда болуп өтүп, жеңүүчү болгон эң мыктылары облустук турга катышты. Жыйынтыгында Сүлүктү шаарынан катышкан  Калима Акжоловага «Эң мыкты Эне» наамы, Сүлүктү шаарынан катышкан Бакытбек Сапаркуловго «Эң мыкты үй-бүлө» наамы ыйгарылып, тиешелүү дипломдор менен сыйланышты.            Кабарчы:           Анварбек ТУХТАРОВ