“Сүлүктү” жамааттык мультимедиа борбору

Баткен облусу Сүлүктү шаары

Сүлүктү-Лейлек педагогикалык кызматташтыгы башталды.

2 Май 2018 жыл 10:11
Көрүүлөрдүн саны: 172

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминовдун демилгеси менен, Бүтүрүүчүлөрдү Жалпы Республикалык Тестирлөөгө даярдоо боюнча Сүлүктүдөгү №9-гимназия менен Лейлектеги №3- гимназиянын ортосунда кызматташтык башталды.  Гапыр Мадаминовдун чакыруусу боюнча Сүлүктүдөгү №9-гимназиянын директору Базаргүл Рустамова, Облустук Жыл Мугалими кароосунда 2- орунду алган Дилара Шералиева, Алтынай Абдирашитова болуп,  бүтүрүүчүлөрүбүз менен келип, тажрыйба алмашып, үйрөнүп, кыскасы педагогикалык кызматташтыгыбыз натыйжалуу болууда»- деп маалымат берди, Сүлүктү шаарынан келген, чыгаан тарыхчы мугалим Гульнара Карабаева. 

Кабарчы:            Айзада ЭРКИНОВА.