Сүлүктү шаарындагы бардык мектептердин, гимназия жана лицейлердин лидер окуучуларынын катышуусу менен семинар өттү. «Семинарыбыздын максаты окуучуларыбыздын арасында болуучу ар кандай чыр-чатактардын алдын алуу, акыркы конгуроо аземинде жана каникул мезгилдеринде окуучулардын өз ара байланышын чыңдап, коопсуздугунун сакталуусуна салым кошуу»- деп маалымат берди, семинардын уюштуруучусу, Сүлүкту шаардык билим берүү бөлүмүнүн Усулкаана жетекчиси Темиржан Кудайбердиевна Каюмова.
Кабарчы: Айзада ЭРКИНОВА