Бишкектеги жогорку окуу жайынын биринде жыйынтыкталган «Билим Time»- китеп окурмандарынын сынагында жеңүүчү деп табылган, Сүлүктүдөгү №9-гимназиянын бүтүрүүчүсү, биринчи курстун студенткасы Алия Шерматова учкан уясына салам жолдоду. (Сынак тууралуу кененирээк super.kg сайтынан окуңуздар)
«Жалпы Сүлүктүлүктөрдү шаарыбыздын 150-жылдык юбилейи менен куттуктап, мени ушул даражага жеткирген ата-энеме, мугалимдериме терең ыраазычылык билдиремин. Ушул сынактагы жеңишим үчүн алган дипломум №9-гимназиянын бардык мугалимдери үчүн болсун, байге катары утуп алган 7 миң сом акча ата-энеме» — деп Бишкек шаарынан саламын жолдогон Алия Шерматова, «200 ашуун китеп окурмандарынын арасынан ийгиликке жетүүңүзгө эмне себеп болду деген сурообузга: «биздин гимназияда дайыма көп китеп окууну талап кылган, бул үчүн шарт да түзүлгөн болчу. Андан сырткары дайыма китеп баалуулугун даңазалаган иш чаралардын өтүп турганы жеңишке жетүүмө себеп болду окшойт» — деп маек берди.
Кабарчы: Айзада ЭРКИНОВА