“Сүлүктү” жамааттык мультимедиа борбору

Баткен облусу Сүлүктү шаары

Билим берүү мекемелеринде жайкы ремонт башталды.

7 Июнь 2018 жыл 14:19
Көрүүлөрдүн саны: 106

Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы бардык билим берүү мекемелеринде жайкы ремонт иштери кызуу жүрүп жатат. Бул ишчара боюнча окурмандарыбызга кезеги менен ар бир мекеме боюнча өз алдынча маалымат берүүнү чечтик.

Исхак Раззаков атындагы №7-орто мектеп.»Биздин мектепте быйыл өзгөчөлөнгөн жери, пайдасыз болуп келген жерди пластик тосмосу жана эшиктери менен тосуп, пайдалуу каанага айландырып, Исхак Раззаковдун музейин жайгаштырдык. Музей жайгашкан мурдагы имарат класс каанага айландырылды. Ремонтко мэрибиз Р. Абдыназаров 15 миң, 20- жылдык бүтүрүүчүлөр, ата,-энелер болуп ортодо жардам беришти»- дейт мектеп директору Бактыгүл Сабурова.  Кабарчы:          Айзада  ЭРКИНОВА