Бүгүн 11-июндан 12- июнга караган түнү, кечки Куфтан намазы жана Таравих намаздары окулуп бүткөнсоң Кадыр Түн кечесин тосуу, Аллага ибадат кылуу жөрөлгөлөрү башталат. Кадыр Түн кечесин тосуу 12-июнь күнү эрте мененки Багымдат намазын окуганга чейин уланат. Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан мусулмандарынын катарында Кыргызстандагы мусулмандар да Кадыр Түн кечесин дал бүгүн белгиледи. Сүлүктүлүк мусулмандар Кадыр Түн кечесинде борбордук Нур Вали мечитинде жана өздөрүнүн жашаган жерлериндеги мечиттерде, намазканаларда чогулуп жамаат менен ибадат кылууну ниет кылып жатат.
Кабарчы: Бакытбек Сапаркулов