“Сүлүктү” жамааттык мультимедиа борбору

Баткен облусу Сүлүктү шаары

Баткен облусу боюнча Болочок энелердин мектеби жайылтылат.

17 Июнь 2018 жыл 15:55
Көрүүлөрдүн саны: 59

Болочок энелер мектеби, анын тарбиялык мааниси, коомдогу орду, Улуттук генефондду сактоодогу таасири жана ушул сыяктуу олуттуу маселелер боюнча, 16.06.18 күнү Кыргызстанга атагы чыккан, новатор илимпоз-педагог, Кыргыз Республикасынын Эмгек Сиңирген мугалими, Легендарлуу Гапыр Мадаминов өзү! жетектеген, Лейлек районундагы №3-эксперименталдык гимназиясындагы семинарда кеңири маалымат берилип, Баткен, Лейлек райондорунан жана Сүлүктү шаарынан тандалып чакырылган билим берүү бөлүмүнүн башчылары, мектеп директорлору жана келечектен көптү үмүттөндүргөн мугалимдердин катышуусу менен талкуу болду. Семинарда Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлүнүн орунбасары, медицина илимдеринин кандидаты Чынара Осмоновна Саттарова- төрайымдык кылып, Гапыр Маматкуловичтин модераторлук кылгандыгынын өзү эле, семинардын деңгээлин жана канчалык Актуалдуу маселе талкуулангандыгын тастыктап турат.  Семинарда алгачкы Сөз «Ой өрүшү Кругозор» китебин (авт. Г. Мадаминов) предметтик сабактарда пайдалануу боюнча, аталган гимназиянын окуу иштери боюнча директордун орун басары Батыров Кочкор агайдын кызыктуу доклады менен башталды. Семинар жүрүшүндө  Гапыр Мадаминов өзү Лейлек тарыхы боюнча сабак өтүп, сабакка кошумча маалымат катары Сүлүктү шаарынын тарыхы боюнча китебинин экинчи басылышы басмага даяр болуп калгандвгы жөнүндө учкай сөз болду. Семинардын негизги темасы «Болочок энелер мектеби» боюнча,  автор Гапыр Маматкулович Өзү баяндама жасап, соңунда Чынара Саттаровна Ойдун «оң» жана «терс» энергиясын сыпаттаган мастер-класс менен жыйынтыктады. Семинардын корутунду бөлүгүндө, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлүнүн орунбасары, медицина илимдеринин кандидаты Чынара Осмоновна Саттарова- «Болочок энелер мектеби» 2018-2019- жаңы окуу жылында облустун бардык мектептерине жайылтылаары тууралуу баяндама жасап, Кыргызстан боюнча жайылтуу маселесин Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигине сунуштай тургандыгын маалымдады.    

Кабарчы:       Бакытбек САПАРКУЛОВ