“Сүлүктү” жамааттык мультимедиа борбору

Баткен облусу Сүлүктү шаары

Сүлүктүдөгү №9-гимназияда Кыргы-тили майрамы белгиленди

25 Сентябрь 2018 жыл 11:55
Көрүүлөрдүн саны: 102

Сүлүктү шаарындагы Н. Кушматов атындагы гимназияда кыргыз-тили майрамы белгиленди. Гимназисттерди аталган окуу жайынын кыргыз-тили жана адабияты мугалими, жыл мугалими-2017 кароосунун жеңүүчүсү Дилара Шералиева даярдаган. «Иш чара өтө жогорку деңгээлде даярдалып өттү, тарбиялык мааниси мыкты болду»- дейт тарбия иштери боюнча директордун орунбасары Бермет Абдурахманова.   Иш чаранын өзгөчө жери, 6-б классынын окуучулары «Оп майда» элдик ырын заманбап оранжировка менен ырдаганында. Негизи эле Дилара Шералиева ар бир сабакка чыгармачылык менен даярданат»- дейт гимназия директору Б. Рустамова.

Кабарчы:    Айзада ЭРКИНОВА