Сүлүктү шаарындагы №4-, №7- орто мектептеринин жана №9-гимназиясынын жогорку класстарынын окуучулары, мугалимдери жана ата-энелери үчүн «Жугуштуу ооруулардын алдын алуу » темасында, Сүлүктү шаардык оорууканасынын дарыгерлери лекция окуду. Алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иш чара Р. Жолбаев атындагы №4-орто мектебинин жыйындар залында 28.09.18 күнү өтүлдү. «Мындай түшүндүрүү иштерин дайыма жүргүзүп келебиз. Эртең Сүлүктүнүн башка мектептерине да барабыз. Ооруулардын алдын алуу элибизге да мамлекетибизге да пайда»- деп билдирди Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген врачы- Гайбеков Эрежеп Халбекович.
Кабарчы: Канайым АБДИГАПАРОВА.