“Сүлүктү” жамааттык мультимедиа борбору

Баткен облусу Сүлүктү шаары

Сүлүктүдө мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленди

6 Октябрь 2018 жыл 14:27
Көрүүлөрдүн саны: 88

Сүлүктү шаарындагы маданият Сарайында мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленди. Майрвмдын сыйлуу коноктору болуп учурда Ардактуу эс алуудагы агай эжейлер чакырылды. Шаар боюнча тандалып чакырылган эң алдыңкы мугалимдерди шаардын мэри Р. Э. Абдыназаров, вице-мэр М. Э. Сапаркулова жана шаардык Кеңештин төрагасы Т.К. Азизбеков баш болгон шаардын мекеме ишканаларынын жетекчилери куттуктады. «Сүлүктү шаары боюнча 2017-2018 окуу жылында 14 бүтүрүүчүнүн 10 бюджеттик орундарга студент болгон, Эл аралык Олимпиадада эки окуучусу математика сабагынан биринчи орундарды алган №9-гимназиянын директору Б.С. Рустамовага жана эмгек жамаатына терең ыраазычылык билдиремин»- деп Сүлүктү шаарынын мэри Р.Э.Абдыназаров маалымат берди.  Кабарчы:   Акмарал Нурбай кызы.