Сүлүктү шаарындагы №9- мектеп гимназиясынын окуучулары сабак окуу процесси жүрүп жаткан учурда, чөнтөк телефонун колдонууга тыйуу салынды. Бул боюнча бүгүн гимназиянын ата-энелер комитетинин жалпы жыйынындв бир ооздон кабыл алынды. «Эртеден баштап кайсыл гимназист кол телефон көтөрүп келсе, ата-энелер комитетинин чечими менен тартып алынат»- деп маалымат берди тарбия иштери боюнча директордун орун басары Бермет Абдрахманова.
Кабарчы: Канайым Абдигапарова