“Сүлүктү” жамааттык мультимедиа борбору

Баткен облусу Сүлүктү шаары

Сүлүктүлүктөр Лейлектин 90 жылдык торколуу тоюна катышууда

25 Октябрь 2018 жыл 15:33
Көрүүлөрдүн саны: 100

Улуу Инсан Исхак Раззаковдун туулган күнүн утурлап, Лейлек районунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдык мааракеси белгиленип жатат. Райондун борбору болгон Исфана шаарындагы борбордук стадиондо өткөрүлүп жаткан бул мааракеге Сүлүктү шаарынан да бир топ белгилүү инсандар чакырылган. «Лейлек Сүлүктү бир элбиз, мына Элге ак эмгек кылган, Ардактуу шахтерлордон Асан Халбеков, Исманали Карабаев жана бардык Сүлүктүлүк Ардактуу Шахтерлорду чакырып, кадырлуу конок кылып жатат»- деп мааламыт берди Почётный Шахтёр, Түркбаев Хасанбай Ажы.  Майрамдык аземге Кыргыз Республикасынын Премьер-Министри М. Абылгазиев, Жогорку Кеңештин Депутаты Т. Тиллаевдердин катышкандыгы эле канчалык маанилүү иш чара экендигин билдирет. Сүлүктүлүк шахтер Абдыгапар Халбеков, Премьер-министрдин Ардак Белгиси менен сыйланды- деп маалымат берди уюштуруу тобунун мүчөсү Алмазбек Рахманов.  Кабарчы:      Кызжибек Саматова