“Сүлүктү” жамааттык мультимедиа борбору

Баткен облусу Сүлүктү шаары

Сүлүктүдө СПИДге каршы флеш-моб өттү

1 Декабрь 2018 жыл 14:39
Көрүүлөрдүн саны: 157

Сүлүктү шаарындагы В. И. Ленин атындагы №1-орто мектептин спорт залында «Биз СПИДге каршыбы» аттуу флеш-моб өткөрүлдү.  Иш чарага Сүлүктү боюнча бардык мектептердин, техникалык лицей жана гимназиянын 9-11 класс окуучулары болуп миңге жакын жаштар катышты.  «Бул иш чарада бардык жагынан эң мыкты көрсөткүчтөргө жетип, биринчи орунду Сүлүктүдөгү №9-мектеп гимназиясы жеңип алды»- дейт калыстар тобунун төрайымы Ойсара Худайназарова. «Гимназисттерибиз өз алдынча даярданышты, 11-класстын окуучулары демилге көтөрүп, калган класстар колдоп, иш чара максатына жетти»- деп гимназиянын соц педагогу Ракыя Молдоканова маалымат берди. Даярдаган Айзада ЭРКИНОВА