“Сүлүктү” жамааттык мультимедиа борбору

Баткен облусу Сүлүктү шаары

Сүлүктүдө мэрдин «Балаты» майрамы болуп өттү.

31 Декабрь 2018 жыл 10:29
Көрүүлөрдүн саны: 56

Сүлүктү шаарында шаардын мэринин «Балаты» майрамы болуп өттү. «Балаты аземине шаар боюнча билим, спорт жана маданият тармагы боюнча 2018-жыл ичинде эң мыкты жетишкендиктерди көрсөткөн өспүрүмдөрүбүз чакырылды. Албетте чакырылуучулардын үй-бүлөлүк шарты жана ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү эске алынды. Ошондуктан социалдык балаты деп атап койсок да болот. Бардык катышуучуларды Сүлүктү шаарынын мэри Рахманберди Эрматович Абдыназаров жеке өзу куттуктады. Балаты майрамына шаардык Кеңештин төрагасы К. Исмаилов жана башка жетекчилер да катышып, өсүп келе жаткан келечек муундарына руханий колдоо көрсөттү»- дейт Сүлүктү шаарынын вице-мэри Марзия Эркиновна Сапаркулова.   Даярдаган:    Айзада ЭРКИНОВА