“Сүлүктү” жамааттык мультимедиа борбору

Баткен облусу Сүлүктү шаары

Баткен облусу боюнча Г. Мадаминовдун эмгеги колдонулууда

6 Февраль 2019 жыл 16:17
Көрүүлөрдүн саны: 84

Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген мугалим, педагогика илимдеринин кандидаты Гапыр Мадаминовдун илимий эмгектери Баткен облусу боюнча жайылтылууда. Учурда Гапыр Агай Баткен аймактык колледжинин профессор-окутуучулар жамаатына жана студенттерине автордук «Акыл Эмгегинин маданияты» программасы боюнча окуу түшүнүү жараянын жакшыртуу жөнүндө кыска мөөнөттүү курс өтүп жатат.  Буга чейин Гапыр Мадаминовдун эмгеги Ата-түрк Ала-Тоо университетинде, Ош шаары жана Ош облусу, Ыссык-Көл облусу боюнча да көптөгөн билим берүү мекемелеринде колдонулууга алынган. «Акыл эмгегинин маданияты» программасын колдонуу менен окуучуларыбыз Эл аралык Олимпиадаларга чейин катышып гран-при жана биринчи орундарга жетишкен»- дейт Сүлүктүдөгү №9- гимназиясынын директору Базаргүл Рустамова.

Даярдаган:    Айзада ЭРКИНОВА