“Сүлүктү” жамааттык мультимедиа борбору

Баткен облусу Сүлүктү шаары

Сүлүктүдө интернационалист жоокерлердин майрамы белгиленди

15 Февраль 2019 жыл 19:29
Көрүүлөрдүн саны: 82

 15-февраль 2019- жылы Баткен облусунун  Сүлүктү шаарында интернационалист жоокерлердин, Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын  30 жылдыгы белгиленди.   Мааракенин салтанаттуу бөлүгүндө, коомдук ишмер, «Кызыл-Булак» шахтасынын директору Карабаев Исманали Джумабаевич «30 жылдык юбилей» медалы менен сыйланды.  «Чындыгында Исманали Карабаев мындан да жогорку сыйлыкка татыктуу, анкени Сүлүктү шаары боюнча, Ооган жоокерлерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө эң көп жардам берип келе жатат. Акыркы үч жылда эле 80 тонна көмүр, 73400 сом акчалай жардам берди»- дейт ооган согушунун ардагери, Айдарали Асанбаев.   Даярдаган:       Бакытбек САПАРКУЛОВ