“Сүлүктү” жамааттык мультимедиа борбору

Баткен облусу Сүлүктү шаары

Сүлүктүдө облустук олимпиаданын жеңүүчүлөрү сыйланды.

20 Март 2019 жыл 16:25
Көрүүлөрдүн саны: 194

Бүгүн Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы гимназияда предметтик олимпиаданын облустук турунун жеңүүчүлөрү сыйланды. Ушул эле иш чара учурунда башталгыч класстардын ортосунда өткөрүлгөн Аракет олимпиадасынын жеңүүчүлөрү да сыйланды. Иш чарага шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А. Исманов, камкорчулар кеңешинин мүчөсү,  шаардык Кеңештин депутаты Н. Жолдошов жана ата-энелерден катышты. Тарых сабагынан Облус боюнча биринчи орунду ээлеген Айзада Эркиновага жана математикадан биринчи орунду ээлеген Кызжибек Саматоваларга миң сомдон стипендия берилди.. Ошондой эле даярдаган мугалимдерине Гулжан Мовляновага жана Бубуниса Айтемироваларга миң сомдон сыйлык тапшырылды.  Калган предметтер боюнча облустук олимпиада катышуучуларына 500 сомдон стипендия берилди.  Ал эми облустук олимпиаданын жеңүүчүлөрүнүн ата-энелерине гимназиянын жетекчилиги тарабынан ыраазычылык кат тапшырылды.  Даярдаган:   Канайым АБДИГАПАРОВА.