“Сүлүктү” жамааттык мультимедиа борбору

Баткен облусу Сүлүктү шаары

Сүлүктүлүк чыгаан педагог «Мээримдүүлүк» медалы менен сыйланды

22 Март 2019 жыл 16:31
Көрүүлөрдүн саны: 143

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында «Нооруз» майрамын белгилеген аземдин салтанаттуу бөлүгүндө, чыгаан педагог- Карабаева Гульнара Джумабаевна «Мээримдүүлүк» медалы менен сыйланды. Сыйлыкты Сүлүктү шаарынын мэри Р. Э. Абдыназаров тапшырды.   Белгилей кетсек Карабаева Гульнара Джумабаевна Сүлүктү шаарынын №3-орто мектебинде жана №9-мектеп гимназиясында тарых сабагынан билим берип, көптөгөн жаштарды тарбиялап келет.  «Сүйүктүү эжейибиз Гульнара Карабаеванын медаль менен сыйлангандыгын көрүп өттө кубанычта болдук. Эжейибиздин ак эмгегинин бааланганын көргөн окуучуларынын сүйүнүчүнө чек жок»- дейт тарых боюнча Облустук жана математика сабагынан Эл аралык олимпиадалардын жеңүүчүсү, №9-гимназиянын 11-классынын гимназисти Айзада Эркинова.  «Гульнара Карабаеваны сүлүктүлүктөр мугалим катары гана эмес, таланттуу фотограф катары да жакшы тааныйт. Анткени көп жылдан бери Сүлүктүдөгү  окуу жайлардын  бардыгын сапаттуу фото материалдар менен камсыздап,  заманбап үлгүдөгү көрсөтмө куралдарды жасап берип келет»- дейт шаардык билим берүү бөлүмүнүн кесиптик кошунунун төрагасы Канатбек Кудаяров агай.

  Даярдаган:     Нургүл ХАЛЖИГИТОВА.