“Сүлүктү” жамааттык мультимедиа борбору

Баткен облусу Сүлүктү шаары

Г. Мадаминовдун эмгектери — Кыргыз педагогикасынын жаңы багыты

30 Апрель 2019 жыл 17:40
Көрүүлөрдүн саны: 269

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда өткөрүлгөн педагогика жаатындагы Х Эл аралык илимий-практикалык  Симпозиумда доклад жасап келген сүлүктүлүк Бакытбек Сапаркулов агай менен маектешкенибизде, «Гапыр Мадаминовдун педагогикалык практиканын негизинде жазылган, эксперименттен өткөн илимий эмгеги- мамлекетибиздин мектептеринде, атайын жана жогорку окуу жайларында, жалпы эле педагогика тармагында окутуунун заманбап усулу катары кеңири колдонулуп жаткандыгы, анын негизинде Бишкек, Ош шаарларынан жана бардык облустардан келген симпозиумдун доклачыларынын арасынан, Мадаминовдун теориясынын негизинде  макалалардын жазылганына караганда кыргыз педагогикасынын жаңы багыты болду окшойт»- дейт. Мисал катары: Нарын мамлекеттик университетинен О. С. Асанбекова, К. Кыркаяковалар, Ысык-Көлдөн С.З Шорукова, Жалалабад облусунан Д. Б. Молдошбаева, Г. А. Абдыкадырова, Т. Ж. Мадимаровдор, Баткен облусунан Курсанали кызы Анара, К. Д Якубовалар макалаларында педагогика илимдеринин кандидаты Гапыр Мадаминовдун илимий эмгектерин негиз кылган. Симпозиумдун пленардык бөлүгүндө Г. Мадаминовдун жасаган докладынан соң 300 ашуун катышуучу дээрлик 5 минута кол чаап колдоп турушу- мугалимдердин таазими, сый урматы катары бааланды. Жыйынтыктап айтарым- Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген мугалим Гапыр Маматкуловичтин зоналдык бириккен методикалык иштелмелер системасынан эксперименттен өткөн илимий эмгектери кыргыз педагогикасынын учур талабына жооп берип, келечекке багыт берген илимий-педагогикалык эмгек болду»- дейт маектешибиз Бакытбек Сапаркулов.

      Golos-001
      Golos-002

Даярдаган:       Айзада ЭРКИНОВА