“Сүлүктү” жамааттык мультимедиа борбору

Баткен облусу Сүлүктү шаары

Сүлүктүдөгү тарых музейинде жаңы бөлүмдөр түзүлдү

16 Май 2019 жыл 16:21
Көрүүлөрдүн саны: 90

Сүлүктү шаардык тарых музейинде жаңы бөлүмдөр түзүлгөндүгү жөнүндө алгач Сүлүктүдөгү 9-гимназиянын 6-классынын окуучуларынан уктук.   «Классташтарым менен эс алуу учурунда Сүлүктү шаардык музейине барып келдик. Бизди класс жетекчибиз Бакыт Агай уюштуруп алып барды. Чынын айтсам алгач музей жөнүндө башкача түшүнүктөр болгон экем. Эми таптакыр оюм өзгөрүп, Сүлүктү шаарыма болгон сезимим мындан да жогорулады»- дейт Мадина Саматова .  «Мен үчүн эстен кеткис экспонант- папоротник сыяктуу өсүмдүктүн жарымы көмүргө айланып калган табылгасы болду»- дейт Сайкал Матазимова.  «Мен үчүн музейди бир күн көрүп чыккан жетишсиз болду. Жайкы кагикулда д-нын көп жолу келесиң»- дейт Самудин Эркинов. «Алгач музейге келгенимде үч эле бөлүм бар эле. Акырындап экспонанттарды чогултуп отуруп мына учурда тогуз бөлүм болду»- дейт көп жылдан бери Музейдин жетектеп келе жаткан Абдипатта Ниязов. Сүлүктү шаардык музейинин экспонанттары жөнүндө кийинки макалабызда толук маалымат беребиз.

Кабарчы:   Канайым АБДИГАПАРОВА.