“Сүлүктү” жамааттык мультимедиа борбору

Баткен облусу Сүлүктү шаары

Сүлүктүлүк «Алтын Тамга» женүчүсү Грецияга окууга жолдонмо алды.

28 Май 2019 жыл 16:54
Көрүүлөрдүн саны: 100

Окуудагы өзгөчө жетишкендиктери үчүн «Алтын Тамгага» талапкер Сүлүктүлүк беш окуучунун ичинен Эркинова Айзада Бакытбековна бардык талаптар боюнча татыктуу болуп, мамлекеттик тестти ийгиликтүү  тапшыруу менен жетишти. Белгилей кетсек Айзада Эркинова №9-гимназиянын бүтүрүүчүсү. Аталган мектепте 1-класстан бери жалаң «5»-деген баа менен окуп келе жатат.  «Кызым биологиядан шаардык, тарыхтан облустук математикадан Эл аралык олимпиаданын жеңүүчүсү болгон. Айзада быйыл Грецияга окууга жолдонмо алды. Азырынча кайсыл жогорку окуу жайга барууну чече элекпиз»- дейт атасы Бакытбек Сапаркулов. «Кайсыл окуу жайын тандаса деле окута беребиз, негизи Айзаданын өзүнө жакса эле болду»- дейт апасы Барчынай Алимова.  «Мектептен сырткары иштерде да Айзада эже алдыңкылардан. Бир жылдан бери бизге дебат клуб боюнча мастер класс өтүп келет» дейт 10 класстын гимназисти Нускайым Самадова

Кабарчы:      Бактыгүл КАЛМУРЗАЕВА