Баткен облусунун жаштарынын арасында уюштурулган дебат клубга Сүлүктү шаарындагы №9-гимназиянын гимназисттери да активдүү катышып жатат.
«Гимназиянын 7-10 класстарынан 15 окуучу тандалып алынды. Учур талабына ылайык Инсанга багытталган сабак, заманбап тарбиялоо процесстеринде окуучуларда- ар тараптуу өнүгүү жана өз ишмердүүлүгүн уюштура билүүнү калыптандыруу үчүн Эл аралык уюмдардын тажрыйбасын кеңири колдонобуз. Алардын бири ушул Тынчтык демилгелери фонду тарабынан уюшулган Дебат клуб»- дейт гимназиянын мугалими Бакытбек Сапаркулов. «Дебат клуб Кадамжай-Кызыл-Кыя үчүн, Баткен району жана шаары үчүн ошондой эле Лейлек-Сүлүктү үчүн болуп, облус боюнча үч жерде уюштурулган. Эң мыктылары тандалып отуруп, акырында облусттук турларда жарышат»- дейт долбоордун уюштуруучуларынын өкүлү Акылбек Абдурахманов.
Даярдаган Акмарал Нурбай кызы