“Сүлүктү” жамааттык мультимедиа борбору

Баткен облусу Сүлүктү шаары

Гапыр Мадаминов Сүлүктүгө билим шамын жакты.

20 Сентябрь 2019 жыл 16:54
Көрүүлөрдүн саны: 103

 «Бүгүн Сүлүктү шаарында билим майрамы болду десек болот. Анткени новатор, педагогика илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов келип, окуучуларга, мугалимдерге жана ата-энелерге сабак өтүп берди. Иш чара саат 9:00 дөн баштап 17:30 га чейин Сүлүктүдөгү  №5-мектепте болуп өттү»- дейт аталган мектептин директору Хажихужа Чалбобоев. «Гапыр Мадаминовдун келип окуу өткөрүүсү  билим менен тарбияны айкалыштыруу жаатындагылар үчун караңгыда Шам чырак сыяктуу эле. Аба-менен суудай керек. Көп жыл мектеп директору болуп иштегениме карабастан көп нерсени алдым. Жаш энелердин арасынан ушунчалык таасирленгенинен улам көзүнө жаш алып, ыйлагандары болду»- дейт ардагер мугалим Ойсара Худайназарова.  «Бул окуу менен чектелбестен Агай жетектеген Лейлектеги  №3-гимназиясына барып үйрөнүүнү максат кылдык. Ушунча алыстан келип Эл аралык деңгээлде сабак өтүп берген Гапыр Мадаминовго, уюштуруп берген Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдибахап Исмановдорго чоң ыракмат»- дейт  информатика мугалими Эргешали Турсунбаев.  Даярдаган:   Барчиной АЛИМОВА