“Сүлүктү” жамааттык мультимедиа борбору

Баткен облусу Сүлүктү шаары

Күйөөсү иштетпей койгон келин китеп бизнесин түзгөн

21 Сентябрь 2019 жыл 16:17
Көрүүлөрдүн саны: 96

 Мугалим болуп иштеп жүргөн Гулзара Калысова турмушка чыккандан кийин, күйөөсү иштетпей койгон соң, эмне болгон күндө деле балдарга жакын болоюн деген максатта колдо бар эле акчасы менен өзүнүн мектебине китеп алып барып сатып жүрүп чоң бизнес негиздеген.  

Эки жылдан бери китеп бизнесин өнүктүрүп отуруп учурда Лейлек району боюнча 50 мектепти Сүлүктү шаарынан 9 мектепти китеп менен камсыз кылат. Исфана шаарынын борбордук базарына заманбап үлгүдөгү  китеп дүкөнүн ачкан.

      Biznes-1

Калысова Гулзаранын айтымында китеп бизнесин ийгиликтүү болуусу үчүн жаңы маалымат технологоияларын колдонуп, мугалимдердин ортосунда топ түзө алгандыгынан болгон.

      Bisnes-syry

«Алгач балдарга жакын болоюн деген ниетте иш баштаганым менен бара бара киреше дагы өсүп баштаганда күйөөм өзүнүн жумушун токтотуп жеке автоунаасы менен мага жардамга келди. Мобилдик китеп сатууга ыңгайланышкан автоунаа сатып алабыз деп деп жатат»- дейт Гүлзара Искендеровна.    Даярдаган: Бакытбек САПАРКУЛОВ