“Сүлүктү” жамааттык мультимедиа борбору

Баткен облусу Сүлүктү шаары

Сүлүктүдө мамлекеттик тилдин 30 жылдыгы белгиленүүдө

23 Сентябрь 2019 жыл 11:17
Көрүүлөрдүн саны: 93

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында Маданият Сарайында Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгы чоң салтанат менен белгиленүүдө. «Буга чейин ар бир мектепте Кыргыз Тили кароо сынагы болуп өтүп, мектептерден эң мыкты деп табылгандары бүгүн шаардык деңгээлде ат салышып жатат. Кыргыз тилинин өнүгүүсү үчүн ар бирибиз салым кошуп алга сүрөшүбүз керек»- дейт тил комиссиясынын мүчөсү, билим берүү тармагынын кесиптик кошуун төрагасы Канатбек Кудаяров.  Бул аземге беш жүзгө жакын киши катышып жатат.

Даярдаган:      Барчиной АЛИМОВА