“Сүлүктү” жамааттык мультимедиа борбору

Баткен облусу Сүлүктү шаары

Сүлүктүдө жаш мугалимдер мектебинин жалпы жыйыны болду

14 Октябрь 2019 жыл 18:41
Көрүүлөрдүн саны: 101

Сүлүктү шаары боюнча бардык мектептердин жана балдар чыгармачылык борборунун жаш мугалимдери болуп жалпысынан 47 педагог катышкан жыйын өттү. Жыйынды шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдибахап Исманов ачып алып барды.   «Быйылкы окуу жылында жаш мугалимдер мектеби ишмердүүлүгүн күчөттү. Аз убакыттын ичинде жалпы жыйынга чогулууга жетише алды. Жаш мугалимдер мектебине Бакытбек Сапаркуловдун жетекчи болуусу алгачкы натыйжаларын бере баштады»- дейт билим берүү бөлүмүнүн усулкаана башчысы Темиржан Каюмова. «Жаш мугалимдер мектебинин ишин үюштурууда чыгаан педагог Гапыр Мадаминовдун «Устаттык Өнөрү» китебин жана китептеги жаш мугалимдердин чеберчилигин өстүрүү мектеби боюнча түзүлгөн программаны негиз кылып алдык. Жыйында жаш мугалимдер мектебинин максатын: идеалдуу мугалим болуу, милдеттерин аныктап алдык.»- дейт Бакытбек Сапаркулов.

Даярдаган:   Барчиной АЛИМОВА