Сүлүктү шаары боюнча өспүрүмдөр арасында күрөштүн греко-рим түрү боюнча шаардык мелдеш өттү. Бул боюнча Сүлүктү шаарындагы балдардын спорт мектебинин директору Исабаев Нурулла Абдураимович: «Мелдешке Сүлүктү шаары боюнча 100 жакын бала катышып, күч сынашты. Белгилей кетсем акыркы учурда машыгуучу балдарыбыз жакшы жыйынтык берүүдө. Мелдешке шаардык мэрия жана жеке ишкерлер колдоо көрсөттү»- деп маалымат берди.
«Өспүрүмдөрдүн спортко кызыгуусу артып жатат. Машыгуу учурунда дене-тарбиясы менен бир катарда балдардын руханий тарбиясы экендигине да басым жасайбыз. Буюрса облустук жана республикалык деңгээлдеги мелдештерге катышып байгелүү орундарды көбөйтөбүз»- дейт машыктыруучу Айбек Жаныбеков.
Белгилей кетсек греко-рим күрөшү боюнча Сүлүктү шаардык балдардын спорт мектебинин тренери Айбек Жаныбековдун жетекчилигинде машыккан балдар республикалык мелдештерде байгелүү орундарды жеңип келген.

Кабарчы: Барчынай АЛИМОВА