“Сүлүктү” жамааттык мультимедиа борбору

Баткен облусу Сүлүктү шаары

Сүлүктүдө билим, илим кызматкерлеринин кесиптик кошунунун төрагасы кайра шайланды.

13 Февраль 2020 жыл 13:44
Көрүүлөрдүн саны: 56

Бүгүн Сүлүктү шаары боюнча билим, илим кызматкерлеринин кесиптик кошунунун отчеттук жыйыны болуп өттү.  «Бүгүнкү жыйынга Сүлүктү шаары боюнча бардык билим берүүчү мекемелердин кесиптик кошунунун баштапкы уюмунун жетекчилери жана делегаттар катышты. Жыйында кесиптик кошундун Сүлүктү шаары боюнча төрагасы Канатбек Кудаяровдун 2015-2020 жылдар аралыгында аткарган иштери боюнча отчету угулду. Жыйын соңунда бардык делегаттар бир добуштан Канатбек Кудаяровду кийинки мөөнөткө төрага кылып шайладык»- деп маалымат берди №6-мектептин математика мугалими Каныбек Эшмурзаев.  Даярдаган:      Барчинай АЛИМОВА