“Сүлүктү” жамааттык мультимедиа борбору

Баткен облусу Сүлүктү шаары

Короновирустук инфекциянын жугушун алдын алуу чаралары

11 Май 2020 жыл 11:19
Көрүүлөрдүн саны: 123
Иллюстрациялык сүрөт

COVID 19: Өзгөчө кырдаал учурундагы чектөөчү иш-чаралар
токтотулгандан кийин иш алып барууну калыбына келтирүү
учурунда короновирустук инфекциянын жайылышын
АЛДЫН АЛУУ ЧАРАЛАРЫ. Короновирустук инфекциянын жугушун алдын алуу максатында мекемелердин/уюмдардын жетекчилери өзүнүн кызматкерлери жана кардарлары үчүн тийиштүү коопсуз шарттарды түзүүсү зарыл.

Иллюстрациялык сүрөт

ЖУМУШКА ЧЫГУУНУН ШАРТТАРЫ

  • Персоналдын жумушчу орунга кичи топ болуп келүүсү боюнча графикти иштеп чыгуу;
  • Кызматкерлер үчүн транспортту жүргүнчүлөрдүн ортосундагы арлыкты сактоо, автомобилди (туткалар, эшиктин кармоочтору) милдеттүү түрдө дизенфекциялоо  жана салонду желдетүү шарттары менен камсыздоо.

ЖУМУШЧУ ОРУНДУ ДЕЗИНФЕКЦИЯЛОО

  • Жумушчу орундардын үстүн (эмеректер, уюштуруучулук техника) дезинфекциялык каражаттар менен ар бир 2 — 3 саатта, ошондой эле ар бир кардарды кабыл алгандан кийин тазаланышын камсыздагыла;
  • Дезинфекциялык каражаттар менен өндүрүштүк бөлмөлөрдүн күн сайын тазаланышын (эшиктин кармоочторун, үстөлдөрдүн туткаларын, өчүргүчтөрдү, ажатканалардын эшиктеринин кармоочторун, кол жуучу раковиналардын, агызуучу бактардын шнурларын жана рычагдарынсүртүү) уюштургула;
  • Имаратты саат сайын 15 мүнөткөчейин желдетип тургула;
  • Абанын рециркуляторлорун же бактерициддик УФ-нурларын, таштанды үчүн жабык урналарды орноткула(мүмкүн болсо);
  • Жумушчу орундарда колду самын менен жуу үчүн шарттарды түзгүлө.

КЕҢСЕНИН КИРЕ БЕРИШИНЕ ФИЛЬТР ОРНОТУУ

  • Кызматкерлер кеңсеге кирээрде 1 – 1,5 метрден кем эмес физикалык аралыкты сактайт;
  • Кеңсенин кире беришинде ар бир кызматкердин милдеттүү түрдө дене температурасын контактсыз өлчөө жүргүзүлөт;
  • Кеңсенин кире беришинде кызматкерлердин колдорун дезинфекциялоо үчүн 70% спирт камтыган антисептиги менен санитайзерлер орнотулат.

ЖЕКЕ ГИГИЕНАНЫ САКТОО

  • Колду 20 секундага чейин самын менен тез-тез жууп туруу же аларды спирттин негизинде жасалган жеке антисептик менен дезинфекциялоо;
  • Жумушчу күндүн ичинде кызматкерлердин же кардарлардын ортосунда 1.5 метрден кем эмес аралыкты сактоо;
  • Эгерде бөлмөдө бир убакта 2ден ашуун адам болсо, бет каптарды кийүү;
  • “Респиратордук этикетти” сактоо (чүчкүргөндө же жөтөлгөндө оозду жана мурунду кагаз салфетка менен жабуу);
  • Салам берүү жана коштошуу учурунда колду кармабоо.
  • Кызматкерде КРВИнин белгилери (дене температурасынын жогорулашы, кургак жөтөл, оор дем алуу) болгон учурда кеңсеге келүүгө тыюу салынат.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги КР ССМдин Эксперттик  кеңеши тарабынан 30.04.2020-ж. бекитилген РССжМКБда басылган. 200 нуска. Борбордук Азиядагы Евразия Фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан жайылтылган маалымат.

Даярдаган: Бакытбек Сапаркулов