“Сүлүктү” жамааттык мультимедиа борбору

Баткен облусу Сүлүктү шаары

Лейлек жана Сүлүктүтүдө канча киши шайлоого катышты?

8 Октябрь 2020 жыл 16:46
Көрүүлөрдүн саны: 143

8087 шайлоо участкасы

Баткен облусунун Лейлек районунда 53%  жана Сүлүктү шаарында 56%  киши шайлоого катышты. Бул боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын Лейлек-Сүлүктү боюнча өкүлү Шарабидин Сайдуллаевдин маалыматы берилет. Анын айтымында катышуу орточо 54,5 % түздү.

4-октябрь шайлоо күнү, Лейлек районунун аймагында 53 Учаскалык Шайлоо комиссиясы өз ишмердүүлүгүн жүргүздү. Жалпы Лейлек районундагы шайлоочулардын жалпы саны 72 733 болсо, анын ичинен 38501 киши шайлоого катышты. Сүлүктү шаары боюнча 13 шайлоо участкасы иштеди. Сүлүктүдө жалпы шайлоочулардын саны: 10247 кишини түздү шайлоого 5785 киши катышты. Жыйынтыктап  айтканда Лейлек району боюнча 53% Сүлүктү шаары боюнча 56 % шайлоочу шайлоого катышты. Лейлек-Сүлүктү боюнча катышуу орточо 54,5 % түздү.
Протокол Лейлек ТИК результат выбора ЖК 4-октября 2020

шайлоо участкасынын ички көрүнүшү

Даярдаган:        Бакытбек Сапаркулов