
Уч-Коргон айыл Өкмотунун имараты
Кыргызстанда 4-октябрь күнү болуп өткөн шайлоонун жыйынтыгына макул болбогон саясий топтордун нааразычылыктары күчөп отуруп, Ак үйдүн имаратынын ичине чейин жетти. Бул көрүнүштөр элет жерине да таасирин тийгизип, саясий топтор район, шаарлардын жетекчилигин алмаштырганга чейинки аракеттер болду. Учурдагы коомдук кырдаал боюнча Баткен облусунун Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын тургундарынын пикирин сурадык.

Светлана Халбаева
«Бизде абал тынч, жакшы, бирок Бишкек жак дагы эле тынчыбай жатат окшойт. Саясатчылар бири дагы элди ойлогон жок. Шайлоодо түштөн кийин элди машиналар менен шайлоо участкаларына ташыган учурлар болду. Бирок урнага барганда шайлоочулар өзү каалаган партияга добуш берди. Бизге эч ким акча сунуштаган жок. Өзүбүз чын дилден эле добуш бердик»,- дейт ардактуу мугалим Светлана Халбаева.

Рано Ташкенбаева
«Көп жылдан бери жеке ишкердик менен алектенемин, ушул дүкөндү иштетемин. Бизде коомдук абал тынч, жакшы. Шайлоого бардык, өзүбүз ичибизден тандаганыбызга добуш бердик. Менин оюнча шайлоо «честно» эле болду. Шайлоодон кийин билсем, үй-бүлөмдөгүлөр ар кайсы партияга добуш бериптирбиз. Биз үчүн эң маанилүүсү мамлекетибиз тынч болсун»,- дейт жеке ишкер Рано Ташкенбаева.

Обида Собирова
«Үй-бүлөм менен шайлоого катыштык, өзүбүз каалаган партияны шайладык, өкүнүчтүү жери шайлоонун жыйынтыгы бузулуп кетти. Бизде коомдук абал тынч, ар ким өз тиричилиги менен убара, азыр күз мезгили болгондуктан саясатка деле убакыт жок, кечинде бош болгон учурда эле телевизордон көрүп калабыз»,-дейт Обида Собирова.

Катяхон тургунбаева
«Бизде абал тынч, жакшы, Бишкекте абал курч экенин телевизордон көрүп жатабыз, бирок бизде Үч-Коргондо эч кандай топтолуу, баш аламандык деген болгон жок. Кадимкидей эле турмушубуз уланып жатат. Биз үчүн стабилдүүлүк керек»,-дейт Катяхон Тургунбаева.
Даярдагандар: Диля Мамаджанова, Бакытбек Сапаркулов