“Сүлүктү” жамааттык мультимедиа борбору

Баткен облусу Сүлүктү шаары

Сүлүктүдө социалдык ишкердүүлүктүн жүрүшү убактылуу токтоду

30 Апрель 2021 жыл 16:28
Көрүүлөрдүн саны: 50

Социалдык ишкердүүлүк

Акыркы мезгилде Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун чек ара айылдарында болуп жаткан окуялар, Сүлүктү шаарынын тургундары үчүн да олуттуу таасирин тийгизүүдө.

Микротренингдин катышуучулары

“Үстүбүздөгү жылдын 2021-жылдын 26-27 март айында, Ханнс Зайдель Фондунун колдоосу менен социалдык ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча кичи-тренинг уюштуруп, социалдык ишкердүүлүктү түзүү, аны жөнгө салуу боюнча практикалык иштер болуп жаткан.” 28-29 апрель күндөрү башталган чек ара боюнча окуялар, биздин иш аракеттерибизди убактылуу токтотуп турууга аргасыз кылды”,-дейт тренингдин уюштуруучусу Б.Э. Сапаркулов.

микротренингдин катышуучулары

“2021-жылы социалдык ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча жакшы пландарды түзүп, аткарып баштадык, мисалы социалдык ишкердүүлүгүн баштап жаткан жарандарга тигүүчү машиналарды алып бердим”- дейт Сүлүктү шаардык Кеңешинин төрагасы К.Исмаилов.

САИ БатМУ эмгек жамааты

“Социалдык ишкердүүлүктү уюштуруу үчүн, балдарды окутуу үчүн Сүлүктүдөгү балдар искусство мектебине Сүлүктү шаардык Кеңешинин төрагасы К.Исмаилов тигүүчү машиналарды алып берди ”- дейт аталган мектептин мугалими Б. Аширалиева.

 

Барчынай Алимова