“Сүлүктү” жамааттык мультимедиа борбору

Баткен облусу Сүлүктү шаары

COVID-19 боюнча Сүлүктү шаардык мэриясы чукул билдирүү таратат

18 Июнь 2021 жыл 14:11
Көрүүлөрдүн саны: 76

Сүлүктү шаардык мэриясынын имараты. 18.06.2021 жыл

Сүлүктү шаардык санэпид көзөмөл борборунун маалыматына ылайык 2021-жылдын 18-июнь күнүнө карата Сүлүктү шаары боюнча 11 жаңы учур катталды. Ушул абалга байланыштуу Сүлүктү шаардык мэриясы коомчулукка чукул билдирүү таратат.

«Кызыл зонада» иштеп жаткан медицина кызматкерлери.

Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы COVID-19 илдетинин алдын алуу боюнча штабдын башчысынын орун басары Марзия Сапаркулова: “Өкүнүчтүү жери шаардык оорууканабызга кайрадан “Кызыл зона” түзүлдү, учурда абалы оор болгон 4 киши даарыланууда. Калган жарандардын абалы канаатандырарлык болгондуктан үй шартында обсервацияга алынды, бардыгы дарыгерлердин көзөмөлүндө. Сүлүктү шаарынын мэри А.Халбековдун жеке катышуусу менен ШТАБдын чукул отурумун өткөрдүк. Отурумда кабыл алынган чечимдерди массалык маалымат каражаттары, социалдык тармактар аркылуу коомчулукка таратып жатабыз. Учурдан пайдаланып Сүлүктү жамааттык мультимедиа борборунун сайты аркылуу да чукул билдирүү таратып койсок”- деп маалымат берди.
Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы COVID-19 илдетинин алдын алуу боюнча штабдын билдирүүсү: “Саламатсыздарбы, урматтуу аймак башчылары. Сиздерге маалымат иретинде: учурда 4 киши коронавирус оорусу менен ооруп, шаардык ооруканада дарыланууда. Коронавирус идети менен курошуу жана анын шаардын аймагына таралуусунун алдын алуу максатында Сүлүктү шаарынын мэринин алдында түзулгөн штабдын отуруму өткөрүлдү. Отурумда коронавирус менен күрөшүү боюнча 2021-жылдын июнь-август айларына иш чаралар планы бекитилди, тийиштуу мекемелерге тапшырмалар берилди.
Элдин коопсуздугун камсыздоо максатында сиздерге да төмөнкү тапшырма коюлду:
— той мааракелерди, ошондой эле маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатын өткөрүүдө туугандарынын гана катышуусу менен санитардык талаптарды, социалдык аралыкты сактоо, болмолорду мезгил мезгили менен желдетуу, антисептиктерди пайдалануу жөнүндө,
— коомдук жайларда, соода түйүндөрүндө, коомдук транспортто беткап тагынуу, социалдык аралыкты сактоо, антисептиктерди колдонуу, сергек жашоо образы, туура тамактануу зарылдыгы жонундо элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү суранабыз.

Дезинфекциялоо иштерин жүргүзүп жаткан адис.

«Жергиликтүү бийлик тарабынан жана аткаруучу органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча оперативдүү штабдын жыйынынын 4-июндагы № 152 жана 11-июндагы №153-протоколдору толугу менен аткарылып жатат. Жергиликтүү коомчулук дагы эле болсо кайдигер мамиле кылууда. Учурдан пайдаланып санитардык эрежелерди так аткарууга чакырып кетет элем»- деп маалымат берди Сүлүктү шаары боюнча башкы санитардык врач Мусуратилла Исканов.

Сүлүктүдөгү санэпид көзөмөл борборунун кызматкерлери дезинфекциялоо жүргузүп жатат

Даярдаган:              Бакытбек Сапаркулов