“Сүлүктү” жамааттык мультимедиа борбору

Баткен облусу Сүлүктү шаары

COVID-19дан кийинки синдромдун оор кесепети

23 Июнь 2021 жыл 4:44
Көрүүлөрдүн саны: 99

Иллюстрациялык сүрөт

Covid-19 илдетинен айыгып чыккан дүйнөдөгү миллиондогон киши бир нече айдан кийин деле кадимки жай турмушуна кайтып келе албай жаткандыгы интернет булактарынан белгилүү. Мындай абал боюнча COVID-19 менен ооруп, айыккан жарандар үчүн Сүлүктү шаардык ооруканасынын врачтары чукул билдирүү таркатат.

Сүлүктү шаардык ооруканасынын дарыгерлери

Сүлүктү шаарындагы жалпы дарыгерлердин практикалык борборунун директорунун орун басары Абдупатта Самадов төмөнкүдөй билдирет:

”Covid-19 илдетинен айыгып чыккан кээ бир жарандар бир нече айдан кийин деле кадимки жай турмушуна кайтып келе албай жатат. Кээ биринде дем кыстыгуу, алсыроо, даам сезбөө жана жыт билбөө сыяктуу кесепеттер кала берүүдө. Covid-19 дан кийинки синдром өзгөчө жашы улгайган жана жүрөк-кан тамыр оорулары бар бейтаптар үчүн кооптуу. Айтор кандай гана киши болбосун ооруп, толук айыгып чыкканы менен дээрлик бир жыл бою дарыгерлердин көзөмөлүндө болуусу керек.

COVID-19 менен ооруп, айыккан жүрөк-кан тамыр оорулары бар бейтаптар үчүн төмөнкүлөр сунушталат:

— Ооруканадан чыккандан кийин бейтаптар 14 күнгө чейин изоляцияда болушат;

— Изоляция учурунда кайра калыбына келүү программасын аткаруусу сунушталат жана изоляция маалы бүткөндөн кийин, атайын реабилитациялоо борборлоруна барууга мүмкүн;

— Үй шартында толук туура тамактануу зарыл: жашылча-жемиштердин көптүгү (400 гр кем эмес), тамактын аз туздуулугу ( 5 гр ашпаган), суюктукту чектөө зарыл бир күндө 1 — 1,5 литр ичүүгө болот, эгерде дене табы көтөрүлсө 2 литрге чейин көбөйтүүгө болот;

— Сөзсүз түрдө дем алуу гимнастикасын жасоо. Бул багытта программаларды республикалык ден соолукту чыңдоо борборлорунун сайттарынан табууга мүмкүн;

— Ооруканадан чыгып баратканда физикалык активдүүлүк менен канчалык деңгээлде машыгууга мүмкүн экенин билип алуу зарыл. Эгерде дене табы 37,5 — 38 ге көтөрүлсө, жүрөктүн согушу 100дөн ашса, дем алуусу бир мүнөттө 30дан ашса жана сатурациясы 93%дан жогору болсо, физикалык активдүүлүк сунушталбайт.

— Дарыгер тарабынан жазылып берилген дарыларды ичүү маанилүү, бирок кан басымы түшүп же башка дагы өзгөрүүлөр болсо, дарыгерге кайрылууга керек”- дейт.

Иллюстрациялык сүрөт

Хирургия бөлүмүнүн башчысы Акбарали Кучаров:

«Коронавирус өнөкөт оорусу бар кишилер үчүн кооптуу экени белгилүү болгон. Аларда аутоиммундук реакция (организм чочун вирус менен күрөшүүнүн ордуна өзүнүн ден сак клеткаларына чабуулга өтөт) башталып кетиши мүмкүн.

Ошондуктан, бардык өлкөлөрдө өпкөнүн өнөкөт оорудан жабыркап жүргөндөрдү, жүрөк, кан-тамыр, кант диабет илдети менен ооругандарды биринчилерден эмдөөдөн өткөрүү сунушталууда. Бирок эмделерден мурун мындай кишилер милдеттүү түрдө дарыгерлердин кеңешин алуусу зарыл», — деп маалымат берди.

 

Бакытбек Сапаркулов